Орусиянын бийлиги Екатерина Биволдун иши иликтенип жатканын билдирди
Орусиянын Ички иштер министрлиги мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволга карата иликтөө иштери башталганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлиги жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүү департаменти журналисттерге иликтөөнүн башталганы тууралуу маалымат берген.
"Кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыК тарабынан тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз”,- деген Орусиянын ички иштер министрлигинин орун басары Евгений Артёмов.
Белгилей кетсек, 31-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Екатерина Биволго Кыргызстан боюнча да издөө жарыяланып, ага карата 330-берене "Расалык, этникалык, улуттук же аймактар аралык кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.
Буга чейин, интернет тармагында мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















