"Токтоткула андай аша чапканды!". Президент электр жарыгын чектөө боюнча билдирүү жасады
Президент Садыр Жапаров саат 22:00дөн кийин кайсыл мекемелер жабыла турганын айтты. Ошондой эле, кечээ 13-ноябрда рейд өткөргөн Ош менен Бишкек шаарларынын мэрлери аша чаап кеткенин жазды."Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана "Тынчтык мыйзамын" камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны "бөрк ал десе - баш алгандай" ашкере аткарып жиберипсиңер. Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер!
Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!
Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте "Эмне, мамлекет төлөйт да" деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!",- деп жазды өлкө башчысы Фейсбук баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















