Ошто окуучуну жөө жүргүнчү өтүүчү тилкеден унаа сүзүп кетти
Ош шаарында 12 жаштагы мектеп окуучусун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ош ШИИБдин Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 13-ноябрда саат болжол менен 17:55тер чамасында Исанов көчөсүндө болгон. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын Р.Т. аттуу айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан өспүрүмдү сүзүп кеткен.
Жабырлануучу мектептен кайтып келе жаткан. Ал кырсыктан ар кандай жаракаттарды алып, Тез жардам кызматы менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
"Баланы сүзгөндөн кийин Toyota Camry унаасынын айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Honda Fit унаасы менен кагылышкан. Учурда эки унаа тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кырсык боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди милиция.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















