Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барат
15-16-ноябрда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалым болгондой, өлкө башчысы Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.
“Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган”,- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















