Бишкектин борбордук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлүүдө (видео)
Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, таңкы саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Алар үйдүн 50 жашоочусун коопсуз тилкеге эвакуациялашкан. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.
Жеринде толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Бишкектин борборунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















