Өлкөдө аскер бөлүктөрүн сапатсыз азыктар менен камсыздап турган жеке ишкер кармалды
Өлкөдөгү аскер бөлүктөрүнө сапатсыз азык-түлүк жеткирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бакшы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Аскер прокуратурасы менен УКМКнын Тышкы контрчалгындоо башкы башкармалыгы бирге иш алып барып, аныкташты.
Тактап айтканда, В.Х., В.К. жана К.С. аттуу жеке ишкерлер алдын ала сүйлөшүп алып, азык-түлүктөрдүн этикеткаларын жана өндүрүүчүлөрдүн белгилерин жасалмалап, жасалма даталарды коюп, техникалык талаптарга жана санитардык нормаларга жооп бербеген продукцияларды аскер бөлүктөрүнө жеткирип турушкан. Кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналган В.К. аттуу жеке ишкер кармалып, камакка алынды.
Учурда тергөө органы тарабынан башка аскер кызмат адамдардын бул кылмышка катыштыгын аныктоо чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















