Казакстан жана Өзбекстан товар жүгүртүүсүн 10 миллиард долларга жеткирүүгө макулдашты
Бүгүн, 15-ноябрда Ташкентте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев катышкан жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйыны өттү.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, жолугушууда экономика, транспорт, энергетика жана маданият тармактарындагы кызматташтык талкууланды. Токаев Өзбекстанды "бакубат коңшу жана ишенимдүү өнөктөш" деп баалап, эки элдин тарыхый жакындыгын белгиледи.
"Эки өлкөнүн негизги максаты – соода жүгүртүүсүн 2030-жылга чейин 10 миллиард долларга чейин жеткирүү. Бул үчүн атайын кеңеш түзүлөт. Учурда жалпы суммасы 1,7 миллиард долларга бааланган 78 биргелешкен долбоор жүзөгө ашырылып, 15 миңден ашык жумуш орду түзүлөт", - деп белгиленет маалыматта.
Токаев мындан ары жөн гана соода жүргүзбөстөн, эт, дан, май өсүмдүктөрү жана мал чарбачылыгы багытында толук өндүрүш чынжырларын түзүүнү сунуштады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















