УКМК Чүй университетине байланыштуу жүрүп жаткан тергөө иштери боюнча билдирди
УКМК Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университетине байланыштуу жүрүп жаткан тергөө иштери боюнча маалымат берди. Буга чейин социалдык тармактарда аталган окуу жайдын башчысынын кайрылуусу тараган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Алар:
- 1994-жылы билим берүү мекемесин куруу үчүн маркум Султан Мамбеткалиевдин атынан иш алып барган Республикалык жогорку коллежге, азыркы Чүй университетине, Бишкектеги Сүйүмбаев-Осмонкул көчөсүндө жайгашкан 1,10 гектар жер тилкеси берилген. Мамбеткалиев каза болгондон кийин аталган университетти иш жүзүндө анын кызы Чолпон Мамбеткалиева жетектеп келет. Бирок 30 жылдан ашык убакыт бою ректорат билим берүү системасын кеңейтүүнүн жана өнүктүрүүнүн ордуна, жогоруда айтылган 1,10 гектар жер тилкесин өз алдынча жер тилкелерине бөлүп, аларды максаттуу багытын өзгөртүү менен үчүнчү жактарга саткан.
- Сатылып кеткен эки жер тилкесине көп батирлүү үйлөр курулган, ал эми калган жер тилкеси максаттуу колдонулбай, фаст-фуд жайларына ижарага берилген.
- Университеттин аймагынын бир бөлүгү жеке менчикке өткөрүлүп берилген, ал жерде ректордун үй-бүлөсү Чолпон Мамбеткалиева жашаган эки кабаттуу турак жай курулган.
"Мамлекеттик мүлктү жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга көзөмөлдөөчү органдардын колдоосу жана ишенимдүү мамилесинин натыйжасында Мамбеткалиевдердин үй-бүлөсү материалдык пайда көрүшкөн, алар билим берүү мекемесин жеке мыйзамсыз баюунун булагына айландырышкан. Учурдагы тергөө мыйзамсыз алынып кеткен мүлктү ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана аны мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кайтарып алуу максатын көздөйт. Ошол эле учурда документтерге ылайык, анда болгону 800 студент окуйт, бирок чындыгында алардын саны бир топ аз, бул сабактарга жана квалификациялык экзамендерлерге катышпаган адамдарга диплом берүүгө алып келет", - деп кошумчалады УКМК.
Белгиленгендей, учурда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттерди башка коллеждерге жана университеттерге бөлүштүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат. Ал эми комитет бул жааттагы ишин улантып, жыйынтык боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















