Чүйдөгү жол талаштан келген чырдан улам 44 адам кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айлында катталган чырдан улам 44 адам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер башкармалыгына жеткирилип, 16 адам убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Чүй облустук милициясына арыз менен 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну жаракат алып кайрылган. Ал Чүй облустук ооруканасына келип түшкөн. Алдын ала медициналык маалыматтар боюнча жабык баш мээ жаракаты, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин астына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөрүүсү аныкталган.
Облустук милиция мушташтын негизги себеби аталган айылдагы карьерден кум жана шагыл ташып бара жаткан эки компаниянын айдоочуларынын ортосунда жолду бөлүшө албай чыр чыкканы менен байланыштырып маалымат берди.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















