super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Адамдарга инвестиция": Орусия менен биргеликте кадр даярдоо программалары Кыргызстандагы эмгек рыногун кантип өзгөртүүдө?

 

Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык байланышы, айрыкча эмгек миграциясы жана каржылык агымдар тармагында, мурдагыдай эле бекем сакталууда. Жыл сайын Борбордук Азиядан миллиондогон жарандар иштөө үчүн Орусияга барышат. Орусия ИИМинин маалыматтары боюнча, 2024-жылы гана ишке орношуу максатында 6,3 миллион чет өлкөлүк жаран барган.

Алар тапкан каражаттын көпчүлүк бөлүгү акча которуулар менен мекенине кайтып, иш берүүчү өлкөлөрдүн экономикасына маанилүү таасир тийгизет. Бул каражаттар үй-бүлөлөрдү колдоп, ички керектөөнү жандандырып, мамлекеттик бюджеттердин толукталышына салым кошот. Мисалы, Кыргызстанда чет өлкөдөн келген акча которуулардын көлөмү ИДПнын болжол менен 18 пайызын түзөт, бул социалдык туруктуулук үчүн абдан маанилүү көрсөткүч.

Ушундай шартта уюшкан эмгек миграциясы боюнча программалар жөн гана экономикалык кызматташтыктын куралы эмес, туруктуу өнүгүүнүн элементине айланып баратат. Айрыкча өндүрүш тармагында кадр жетишпестигин сезип жаткан Орусия жөндөмдүү кызматкерлерди тартууга кызыкдар. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн бул — мыйзамдуу түрдө иштеп, жаңы кесиптик көндүмдөр менен тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Айрыкча көзгө көрүнө турган мисалдардын бири Орусиянын Татарстан Республикасындагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык зонасы тарабынан демилгеленип, 2022-жылы ишке кирген "Алабуга Старт" эл аралык программасы. Бул программа КМШ өлкөлөрүнөн чыккан кыздарды кесиптик өнүгүүгө жана жогорку технологиялуу ишканаларда иштөөгө тартууну максат кылат. Үч жылдын ичинде программа катышуучуларына өздөрүн камсыз кылууга эле эмес, көпчүлүгүнө үй-бүлөлөрүнө туруктуу колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Жатакана, жумуш жана жогорку айлык

Программа КМШ өлкөлөрүнөн келген, 16–22 жаштагы, чоң максаттары бар жана Татарстанга көчүп барып, ири компанияда карьера курууга даяр болгон жаш кыздарга багытталган. Каалоочулар үчүн иш тажрыйбасынын же кесиптик билиминин болушу талап кылынбайт — "Алабуга Старт" алгачкы кесиптик кадамды жасап, татыктуу айлык менен ишке орношууга жана өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берет.

Компания катышуучулардын Орусияга учуп келиш чыгымдарын төлөп, ишке орношууга толук колдоо көрсөтөт жана заманбап корпоративдик жатаканаларды берет (айына болгону 44 доллар).

Албетте, айлык акы негизги мотивациянын бири болуп саналат. Андыктан кыздар ай сайын колуна 860 доллардан 1783 долларга чейин ала алышат.

Белгилей кетсек, программа жеткиликтүү карьералык багыттардын тизмесин тынымсыз кеңейтип келет. 2025-жылы иш багыттарынын саны алтыга жетти. Бүгүн күндө кыздарга өндүрүш операторы же автотранспорт цехинде айдоочу адистигин тандап алууга мүмкүнчүгүгү бар. Мындан тышкары ресторан же мейманкана бизнесинде өздөрүн сынап көрө алышат, ошондой эле курулуш тармагындагы монтаждоо жана жасалгалоо иштерин камтыган адистиктерди өздөштүрө алышат.

Татарстандагы бул аянтча акыркы бир нече жылдан бери Орусиядагы өзгөчө экономикалык зоналардын ичинен эффективдүүлүк боюнча биринчи орунду ээлеп келет. Анын аймагында ондогон ири заводдор иштейт (анын ичинде Түркия, Германия, Дания жана Бельгиядан келген чет элдик резиденттер да бар) жана аларга жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык күн сайын өсүп жатат.

Мына ушундай шартта "Алабуга" прогрмаммасынын жетекчилиги даяр адистерди башка жактан издегенден көрө, өз кадрларын өзү даярдаган туура деген тыянакка келген. Натыйжада кадр жетишсиздиги маселеси чечип, бир эле убакта достук мамиледеги мамлекеттердин жаштарына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берген "Алабуга Старт" программасы жаралган.

Программага катышкан КМШ өлкөлөрүнүн жаш кыздары иштеп гана жөн болбостон, интеграциялык иш-чаралардын алкагында Татарстандагы жашоо менен да жакыныраак таанышышат. Алар үчүн республиканын тарыхый шаарларына (Елабуга, Набережные Челны, Казань) экскурсиялар уюштурулуп, спорттук иш-чаралар жана сүйлөшүү клубдары өткөрүлөт. Мунун баары жаңы чөйрөгө тезирээк ыңгайлашууга жана аймактын маданиятын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр жана үй-бүлөлөрдү колдоо

Жергиликтүү өкмөт бул демилгени мыйзамдуу миграциянын жана жаштардын иш менен камсыз болушунун жаңы мүмкүнчүлүгү катары колдоодо. Мисалы, Кыргызстандын Нарын облусунун бийлиги өзгөчө экономикалык зонага болгон сапарынан кийин компания менен кызматташуу тууралуу келишим түзүп, "Алабуга Старт" программасын жаштар үчүн Орусияда расмий иштөөнүн мыкты мүмкүнчүлүгү деп атады.

"Мурда мен өзүм "Алабугага" барып келгем жана, чын айтайын, жагымдуу таасирде калдым. "Алабуга Политехтин" штаб-квартирасын көрдүм,"Алабуга Старт" программасындагы кыргызстандык кыздар менен баарлаштым. Бул жаштар үчүн чынында эле жакшы жер экен",– деп бөлүштү президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу.

Программа Евразиялык экономикалык форумда да жаштардын иш менен камсыз болушун колдоонун жана кадрларды интеграциялык мейкиндикте ийгиликтүү адаптациялоонун үлгүсү катары тааныштырылды.

Бул демилгени ишкердик чөйрө да, регионалдык бийлик да колдоодо. Анын натыйжасында Орусия менен КМШ өлкөлөрү ортосунда эмгек миграциясы тармагында кызматташуунун жаңы форматы калыптанып жатат.

Мындан тышкары, тапкан каражат кыздарга өз мекениндеги үй-бүлөлөрүн колдоого шарт түзөт. Катышуучулардын көбү айлыгын үйүнө жөнөтүп, ата-энесине жана туугандарына жардам берип келишет. Алсак, кыргызстандык Алина Тойгонбаева "Алабуга Старт" программасы тууралуу таанышынан уккан:

"Мен арыз жөнөтөрүм менен HR мага байланышышты. Биз сүйлөштүк, анан алар программа жөнүндө ата-энеме да түшүндүрүп беришти. Мени оңой эле жиберишти. Азыр апама жардам берип жатам. Бул жакта жарым жыл иштеп, анын кредитинин жарымын төлөп бердим", – деп бөлүштү Алина.

Бул көрүнүш жалпы тенденцияга шайкеш келет. Анткени КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан түшкөн акча которуулар Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасы үчүн маанилүү киреше булагы. Мисалы, Кыргызстандын чет өлкөдө иштеген жарандары 2024-жылы мекенине дээрлик 3 миллирад доллар которуп, бул өлкө ИДПсынын болжол менен 17 пайызын түзгөн. Демек, "Алабуга Старт" программасына жүздөгөн кыздардын катышуусунун өзү эле жаштардын жумушсуздугун азайтып, өлкөнүн экономикасына түз пайда алып келет.

Мындан кем эмес маанилүү нерсе — адамдык капиталдын өсүшү. Орусияда эки жылдык иш тажрыйбасынын жүрүшүндө кыздар баалуу кесиптик даярдыктан өтүп, практикалык көндүмдөрү жана башкаруучулук тажрыйбасы бар квалификациялуу адистерге айланышат. Алар эмгек тартибин, заманбап өндүрүш технологияларын, көп улуттуу чөйрөдөгү ишкердик баарлашууну үйрөнүшөт. Мунун бардыгы алардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Жаңы муундагы профессионалдар

Программанын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү тандаган тармагында карьерасын улантууну же топтогон капиталы менен билимин колдонуп, өз бизнесин ачуу планын курууда. Мындай "кайтарым тажрыйба агымы" катышкан өлкөлөрдүн өздөрүнө да олуттуу пайда алып келет. Мекенге кайтып келгенде кыздар жаңы багыттарды, кеңири дүйнө таанымын жана мыкты практикаларды алып келишет.

Мындан тышкары, программа маанилүү социалдык мааниге ээ. Ал салттуу коомдордо аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Туруктуу, жакшы маяналуу ишке ээ болгон кыздар экономикалык көзкарандысыздыкка жана өзүнө болгон ишенимге жетишет. Ушундай ийгиликтүү мисалдар КМШ өлкөлөрүндө аялдардын эмгегине жана карьерасына болгон мамилени өзгөртүп, башкалар үчүн мотивация болуп бере алат.

"Алабуга Старт" моделин башка аймактарга жана тармактарга масштабдуу жайылтылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Негизинен, бул заманбап экономика менен технологиялык өзгөрүүлөрдүн шартында иштөөгө даяр жаңы муундагы кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба болуп саналат. Программанын ийгилиги өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте окшош долбоорлорду жаратууга шыктантып, келечекте постсоветтик мейкиндиктеги интеграцияны бекемдейт жана бардык тараптарга пайда алып келет.

Эл аралык "Алабуга Старт" программасынын кадрдык кызматташтык стратегиясы бир эле учурда бир нече мамлекеттин өнүгүү маселелерин кантип чече аларын даана көрсөтүп турат. КМШ өлкөлөрүнүн жаштары өз мүмкүнчүлүгүнө кулач ачып, татыктуу кирешеге жана өсүү батына ээ болушса, Орусия кесипкөй эмгек ресурстарын жана кошуна өлкөлөр менен бекем байланыштарды алат.

Мындай өнөктөштүк форматы өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алды. Эми долбоорду алдында жаңы агымдар, жаңы ийгилик тарыхтары жана кеңейген географиясы күтүп турат. Бул болсо жалпы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

«Инвестиции в людей»: как программы кадровой подготовки с Россией меняют рынок труда Кыргызстана

Экономические связи между Россией и странами СНГ остаются прочными, особенно в сфере трудовой миграции и финансовых потоков. Каждый год миллионы граждан из Центральной Азии приезжают в Россию на работу. По данным МВД РФ, только в 2024 году с целью трудоустройства прибыло 6,3 миллиона иностранных граждан.

Значительная часть их заработка возвращается в виде денежных переводов, что оказывает заметное влияние на экономику стран-отправителей. Эти средства поддерживают семьи, стимулируют внутренний спрос и способствуют наполнению государственных бюджетов. Например, в Кыргызстане объем переводов из-за рубежа достигает около 18% ВВП, что является важным фактором социальной стабильности.

На этом фоне программы организованной трудовой миграции становятся не просто инструментом экономического сотрудничества, а элементом устойчивого развития. Россия, испытывающая растущую потребность в рабочих кадрах, прежде всего в промышленности, заинтересована в привлечении мотивированных работников. В свою очередь, для молодежи из стран СНГ это возможность не только легально трудоустроиться, но и получить новые профессиональные навыки и опыт.

Одним из наиболее заметных примеров стало развитие международной программы «Алабуга Старт», инициированной особой экономической зоной «Алабуга» (Республика Татарстан, Россия). Запущенная в 2022 году, она нацелена на привлечение девушек из стран СНГ к профессиональному развитию и работе на высокотехнологичных предприятиях. За три года программа не только дала участницам возможность обеспечить себя, но и позволила многим из них оказать системную поддержку своим семьям.

Жилье, работа и высокая зарплата

Программа ориентирована на молодых амбициозных девушек в возрасте от 16 до 22 лет из стран СНГ, готовых переехать в Татарстан и построить карьеру в крупной компании. Участвовать они могут без опыта работы или профильного образования – «Алабуга Старт» дает возможность сделать первый шаг в профессию, получить работу с достойной оплатой и стать самостоятельной личностью.

Компания оплачивает участницам перелет в Россию, оказывает всестороннюю поддержку при трудоустройстве и предоставляет проживание в современных корпоративных хостелах на льготных условиях (всего 44$ в месяц). Безусловно, зарплата является одним из главных стимулов – девушки могут ежемесячно получать от 860$ до 1783$ «на руки».

Отметим, что программа постоянно расширяет список доступных карьерных треков: в 2025 году количество направлений работы выросло до шести. Сегодня девушки могут выбрать специальность оператора производства или водителя в автотранспортном цехе, попробовать себя в сфере ресторанного или гостиничного бизнеса, освоить строительные специальности по направлениям монтажные и отделочные работы.

Площадка в Татарстане уже не первый год занимает первое место по эффективности среди особых экономических зон России. На ее территории работают десятки крупных заводов (включая иностранных резидентов из Турции, Германии, Дании и Бельгии), которые испытывают растущую потребность в высококвалифицированных кадрах.

Так, руководство «Алабуги» пришло к выводу, что целесообразнее вырастить собственных специалистов, чем искать готовых на рынке. Так и появилась идея программы «Алабуга Старт», призванной одновременно решить проблему дефицита персонала и дать шанс на трудоустройство молодежи из дружественных государств.

Молодые девушки из стран СНГ, участвующие в программе, не только работают, но и знакомятся с жизнью в Татарстане в рамках интеграционной мероприятий. Для них организуются экскурсии по историческим городам республики (Елабуге, Набережным Челнам, Казани), проводятся спортивные события и разговорные клубы – все это помогает быстрее адаптироваться к местной среде и понять культуру региона.

Новые возможности и поддержка семей

Правительства на местах поддерживают эту инициативу как канал легальной миграции и повышения занятости молодежи. Так, власти Нарынской области Кыргызстана после визита в особую экономическую зону заключили с компанией соглашение о сотрудничестве, назвав «Алабуга Старт» отличной возможностью для молодежи официально работать в России.

Ранее я сам посещал «Алабугу» и, скажу вам честно, был приятно удивлен. Я своими глазами увидел штаб-квартиру «Алабуга Политех», познакомился с участницами «Алабуга Старт» из Кыргызстана. Это действительно хорошее место для молодых людей, – поделился заместитель полномочного представителя президента в регионе Шабдан Абдырайым уулу.

Программа также была представлена на Евразийском экономическом форуме как успешный пример содействия занятости молодежи и профессиональной адаптации кадров в интеграционном пространстве.

Поддержку инициативе выражают как региональные власти, так и бизнес-сообщество. Таким образом, через программу формируется новый формат взаимодействия между Россией и странами СНГ в сфере трудовой миграции.

Кроме того, заработанные деньги позволяют девушкам поддерживать свои семьи на родине. Многие участницы отправляют значительную часть зарплаты домой, помогая родителям и родственникам. Наглядный пример – Алина Тойгонбаева из Кыргызстана. Девушка узнала об «Алабуга Старт» от подруги:

Я отправила заявку и со мной связались HR. Мы пообщались, потом они рассказали подробно о программе моим родителям. Меня с легкостью отпустили. Сейчас я помогаю маме – за полгода работы здесь я оплатила половину ее кредита, – поделилась Алина.

Это вписывается в общий тренд: денежные переводы граждан СНГ – весомая статья доходов для экономик стран Центральной Азии. Например, граждане Кыргызстана, работающие за рубежом, перевели на родину почти $3 млрд в 2024 году – около 17 % ВВП страны. Таким образом, участие даже нескольких сотен девушек в программе «Алабуга Старт» приносит прямую пользу экономикам странам СНГ за счет притока средств и снижения безработицы среди молодежи.

Не менее важно и приобретение человеческого капитала. За два года работы в России девушки получают ценную профессиональную подготовку – выходят из программы квалифицированными специалистами с практическими навыками и управленческим опытом. Они учатся дисциплине труда, современным технологиям производства, деловому общению в интернациональной среде – все это повышает их конкурентоспособность на рынке труда.

Новое поколение профессионалов

Многие выпускницы программы планируют дальше строить карьеру в выбранной сфере или открыть свой бизнес, используя накопленный капитал и знания. Такой «обратный приток» опыта способен принести дивиденды и самим странам-участницам: возвращаясь, девушки привозят с собой новые компетенции и более широкий кругозор, становясь носителями лучших практик.

Наконец, программа имеет важное социальное измерение – она способствует расширению прав и возможностей женщин в традиционных обществах. Получив стабильную хорошо оплачиваемую работу, девушки обретают экономическую независимость и уверенность в себе. Подобные примеры меняют отношение к женскому труду и карьере в странах СНГ, служат мотивацией для других.

Модель «Алабуга Старт» имеет все шансы для масштабирования и внедрения в других регионах и отраслях. По сути, речь идет о формировании нового поколения профессионалов, готовых работать в условиях современной экономики и технологических изменений. Успех программы может вдохновить создание подобных проектов в сотрудничестве со странами-партнерами, что в долгосрочной перспективе укрепит интеграцию на постсоветском пространстве и принесет взаимную выгоду всем участникам.

Международная программа «Алабуга Старт» наглядно демонстрирует, как продуманная взаимовыгодная стратегия кадрового сотрудничества может одновременно решать задачи развития сразу нескольких государств. Молодежь стран СНГ получает новые горизонты для самореализации, достойный заработок и перспективы роста, а Россия – приток трудовых ресурсов и укрепление связей с ближайшими соседями.

Такой формат партнерства уже доказал свою эффективность, и впереди у проекта – новые выпуски, новые истории успеха и, возможно, расширение географии в интересах общего процветания.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: