Иранда жасалма жол менен жаан жаадырылууда
Иран бийлиги кургакчылыктан жапа чеккен аймактарда жасалма жол менен жамгыр жаадырчу химиялык заттарды чачып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, адистер иодид күмүшүнүн же калийдин күкүмүн атайын реагенттердин жардамы менен абага учактар аркылуу чачып башташкан. Мындай ыкманын натыйжасында булуттарда буунун конденсациясы ылдамдашып, жаан пайда болушу мүмкүн.
Аталган ыкма 15-ноябрда Урмия көлүнүн үстүндө жүргүзүлгөн. Кургакчылыкка байланыштуу Ирандагы эң ири көлдөрдүн бири болгон Урмиянын бир топ бөлүгү акыркы жылдары кургап, чөлгө айланып калган.
Ирандын бийлиги быйыл жаан-чачындын көлөмү көп жылдык орточо көрсөткүчтөн 89 пайызга аз болгонун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















