Beeline кызматкерлер үчүн «Мамлекеттик» ыңгайлуу тарифин сунуштайт
Beeline Кыргызстан мамлекеттик мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан «Мамлекеттик» жаңы тарифин ишке киргизди. Ал элге кызмат кылгандарга өзгөчө көңүл буруу жана чексиз урматтоо менен — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн түзүлгөн.

Алар күн сайын ден соолуктун, билим берүүнүн, тартиптин, тынчтыктын, бакубаттуулуктун жана ал тургай өмүрдүн сакчылары болуп кызмат кылышат. Бул дарыгерлер жана мугалимдер, өрт өчүрүүчүлөр жана милиционерлер, аскер кызматкерлери жана мамлекеттик сектордун кызматкерлери — өздөрүн өлкөгө кызмат кылуунун асыл миссиясына арнагандардын баары. Алар үчүн атайын «Мамлекеттик» тарифи өзгөчө пайдалуу шарттарды сунуштайт.
Абоненттик төлөмдүн баасы — 30 күнгө болгону 250 сом. Бул тарифке ыңгайлуу баарлашуу, иштөө жана эс алуу үчүн керектүү нерселердин баары кирет:
- тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS,
- КР башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу үчүн 20 мүнөт,
- 40 ГБ интернет,
- Wi-Fi таратууга чектөө жок,
- бекер бонус — музыкага, китептерге, тасмаларга жана сериалдарга жеткиликтүүлүктү ачкан, ошондой эле «Яндекс Go» ыңгайлуу таксисине сапарларга 10% арзандатуу берген «Яндекс Плюс» жазылуусу.
Тарифке «Мой Beeline» тиркемесинде гана кошулууга болот. Система абоненттин маалыматтарын e-Kyzmat мамлекеттик базасы менен автоматтык түрдө салыштырат.
Төмөнкүлөрдү эске алуу маанилүү:
1. Сунуш мамлекеттик же муниципалдык мекемелерде иштеген жана e-Kyzmat базасында катталган жекелештирилген абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.
2. Бир мамлекеттик кызматкер тарифти өзүнүн атына катталган бир гана номерге кошо алат.
Эгерде кошулууда кыйынчылыктар пайда болсо, Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине же *611 номери аркылуу байланыш борборуна кайрылыңыз. Компаниянын адистери сизге кубаныч менен жардам беришет.
Beeline: биз оператордон да артыкпыз.
КРнын СӨМне караштуу БТЖСККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















