super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Үйүнүн акчасын котортуп алышкан". Бишкекте 71 жаштагы жаранды алдап кеткен шылуундар кармалышты

 

Бишкекте ири алдамчылык схемасы менен алектенгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 71 жаштагы Р.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул жылы белгисиз адамдар өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, акча каражаттарын которуу зарылдыгына ишендиришкен. Жабырлануучу алдамчыларга ишенип, батирин сатып, түшкөн ири суммадагы акчаны бир нече банктык эсептерге которгон.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар: 2009-жылы туулган Ж.Д., 2006-жылы туулган О.Б., 1995-жылы туулган С.Д., 2007-жылы туулган О.В., 2007-жылы туулган К.А. жана 2007-жылы туулган Ж.А.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: