Чүйдө бир нече уурулук жасоого шектелген киши кармалды
Чүйдө бир нече уурулук жасоого шектелип 42 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу аталган облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, сентябрь-ноябрь айлары аралыгында милицияга Новопокровка айылынын тургундары кайрылышкан. Алар унаа, чарбалык имарат жана короолорунда уурулук болгонун айтышкан.
Тагыраагы, 27-сентябрга караган түнү эмерек жасоочу цехте уурулук болуп, 149 миң 500 сомдук электр шаймандары уурдалса, 27-октябрда жеке үйдөн болжол менен 24 миң сомдук шаймандар жана жабдуулар жана 1-ноябрга караган түнү Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасына 13 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген уурулук болгон. Ошондой эле 1-ноябрга караган түнү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаадан 11 миң 490 сомдук тиричилик жана унаа аксессуарлары уурдалса, 4-ноябрда НИВАда уурулук болуп, анын документтери, банк картасы жана накталай акча уурдалган.
Бул фактылардын баары катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон. Натыйжада шектүү катары мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө кылмыштын куралы катары колдонулган буюмдар алынган. Учурда кылмышка шектүүнүн райондо жана облустун башка аймактарында жасалган башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.
Чүйдө 3 айда бир нече уурулук жасоого шектелген киши кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















