Эдил Байсалов өлкөдө анти-кытайлык маанайдын жаралышына тынчсыздануусун билдирди
Министрлер кабинетинин орун басары Эдил байсалов өлкөдө анти-кытайлык маанайдын жаралып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Ал мунун баары жасалма түрдө күчөтүлүп жатат деген пикирин айтып, укук коргоо органдарын кастыкты козутууга багытталган аракеттерди токтотууга чакырды.
"Кээ бир жоопкерчиликсиз саясий күчтөр бул теманы өздөрүнүн башкы үгүт материалдарына айлантууну чечкенин да байкоого болот. Коомчулукка жана Министрлер кабинетиндеги кесиптештериме кайрылып, мындай провокацияларга алдырбоого чакырам. Эл бизден өлкөнүн көтөрүлүшү менен экономикалык өнүгүүсүнүн курсун, жалпы эл тарабынан шайланган мамлекет башчыбыз аныктаган багытты ишенимдүү улантууну талап кылат.
Мындай провокациялар өздөрүнөн-өздөрү пайда болбойт. Анын максаты – өлкөнүн экономикалык чыңдалышына тоскоолдук кылуу, өсүп бараткан эл аралык абройубузду солгундатып, акыры келип Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө сокку урууга багытталган. Укук коргоо органдарын анти-кытайлык өңүттөн чыгышы мүмкүн болгон ар кандай кастыкты козутуу аракеттерин чечкиндүү түрдө токтотууга чакырам. Маселе - биздин мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүнүн ийгилиги жөнүндө болуп жатат.
Жакындакы Пакистанга болгон сапарымдан бир мисалды келтирейин. Бул биздин ири түштүк коңшубуз, акыркы жылдары олуттуу экономикалык кризисге кабылып келет. Синд провинциясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдө мен өлкөнүн эң ири шаары Карачинин абалына көңүл бурдум, ал жакта Кытайдын дээрлик эч кандай экономикалык катышуусу жок ишканалар да, соода түзүмдөрү да, эч инвестициялар да жок.
Эмне себептен мындай болгонун сурадым. Көрсө, бир кезде анти-мамлекеттик күчтөр тышкы козутуу менен күчтүү анти-кытайлык истерия уюштурушкан, ал тургай террордук чабуулдарга чейин жеткен экен. Натыйжада бүгүн Пакистанда бир да кытай мекемеси коопсуз иштей албайт. Кытайга стратегиялык жакындыгына карабастан, өлкө өзүнө эң күчтүү өнүгүү булактарынын бирин жаап алган, бул болсо экономикалык өсүшүнө олуттуу бөгөт болгон. Бул мисал биз үчүн өтө маанилүү сабак болушу керек", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















