super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомго жеткенин айтты

 

Жылдын башынан тартып ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10 пайызды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомду түзгөн. Касымалиев өсүшкө бардык тармактар өзүнүн салымын кошуп жатканын белгиледи.

"Курулуш сектору 27,7 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 8,8 пайызга, айыл чарба 2 пайызга өстү. Өнөр жай тармагында өсүш 9,9 пайызды түздү. Айрыкча фармацевтикада өсүш 2 эсеге, тамак-аш азыктарын өндүрүү 33,6 пайызга, ал эми резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү 33,8 пайызга, химиялык продукциялары 19,6 пайызга, текстиль, кийим-кече өндүрүү 9,4 пайызга, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу 17,1 пайызга. Бул жакшы көрүнүш.

10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 миллиард сомду түзүп, 18,9 пайызга өстү. Негизги капиталга инвестициялардын 29 пайызы же 71,1 миллиард сом республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көп, былтыр 26,8 миллиард сом болчу", - деди ал.






Өкмөт башчы ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомго жеткенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2025. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров арзан, куру провокацияларга көңүл бурбай, өлкөнүн ишин алдыга жылдырып, орунсуз айтыштардан алыс турганы жакшы. Сөз көп, бирок пайда аз болгон жерде туруктуулукка эмес, башаламандыкка жол ачылат. Арзан пиар менен элдин көңүлүн алаксытууну токтотушу керек эски саясатчылар. Элге чыр-чатак, ызы-чуу, куру ураан эмес – реалдуу чечимдер, экономикалык өсүү, жумуш орундар керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: