Кеминде жаңы административдик имараттын курулушу башталды (фото)
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Нурдан Орунтаев өз сөзүндө, өлкө аймагындагы министрликке караштуу бардык административдик имараттар жаңыланып жаткандыгын белгиледи.
“Буюрса, 2-3 айдын ичинде жаңы имаратта иштеп каласыздар. Эң башкысы - таза жана адилеттүү иштеңиздер”,- деди министр.
Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын эски имараты Кемин шаарынын Ленин көчөсү 101 дарегинде жайгашкан, ал эми жаңысы Ленин көчөсү 86 В дарегинде курулуп жатат.
Долбоорго ылайык, жаңы имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө каралган. Заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү камсыздалат.
Бүгүнкү күндө эскиздик долбоору даярдалып бүтүп, жер казуу (котлаван) иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондон ашык жаңы административдик имарат салынып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















