БУУнун Коопсуздук кеңеши Трамптын Газадагы планын колдоду
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган Газа боюнча тынчтык планын камтыган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу CNN маалымдады.
Маалым болгондой, документте "Тынчтык кеңешин" түзүү жана Газада эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу сыяктуу чаралар камтылган.
15 мүчө өлкөнүн ичинен 13ү резолюцияны колдоду, ал эми вето укугу бар Орусия менен Кытай добуш беришкен жок.
Трамп Truth Social социалдык тармагында БУУнун Коопсуздук кеңешинин добуш берүүсү үчүн бүткүл дүйнөнү куттуктап, "Тынчтык кеңешин" түзүүнү кубаттады. Ал кеңешти өзү жетектей турганын билдирип, анын курамына дүйнөдөгү эң таасирдүү лидерлер кирерин айтты.
"Бул БУУ тарыхындагы эң маанилүү чечимдердин бири болуп тарыхка кирет, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт жана чыныгы тарыхый окуя болот. БУУга жана Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрүнө, тагыраагы, Кытайга, Орусияга, Францияга, Улуу Британияга, Алжирге, Данияга, Грецияга, Гайанага, Түштүк Кореяга, Пакистанга, Панамага, Сьерра-Леонеге, Словенияга жана Сомалиге ыраазычылык айтам",- деп жазды АКШ лидери.
Ал ошондой эле АКШнын аракеттерин колдогон Катар, Египет, БАЭ, Сауд Арабиясы, Индонезия, Түркия жана Иорданияга ыраазычылык билдирди.
CNN белгилегендей, резолюция Трамптын 20 пункттан турган тынчтык планын эл аралык деңгээлде мыйзамдаштырууга жардам берет. Пландын бир бөлүгү өткөн айда Газада күчүнө кирген ок атышууну токтотуу режиминин негизин түзгөн.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Майкл Уолтц билдиргендей, Индонезия, Азербайжан жана башка мусулман өлкөлөрүнөн турган күчтөр Газада бирдиктүү командачылык алдында жайгаштырылат. Алар коопсуздукту камсыздап, демилитаризацияны көзөмөлдөп, гуманитардык жардамдын жеткирилишин уюштурушат.
Телеканалдын булактары резолюцияда деталдардын так көрсөтүлбөгөнү анын ишке ашуусун кыйындатышы мүмкүн экенин белгилешти. Анда Палестина администрациясынын өткөөл мезгилдеги бийлиги өз ыйгарым укуктарын качан өткөрүп бере турганы так жазылган эмес .
Резолюцияга ылайык, "Тынчтык кеңеши" 2027-жылдын аягына чейин иштей алат. Ал ХАМАС жана башка топтордун куралсыздандыруусун көзөмөлдөйт, ошондой эле Газаны калыбына келтирүү иштерине жооп берет.
Документте Палестина мамлекетин түзүү да белгиленет, бирок мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.
Добуш берүүгө чейин Израил резолюцияда палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоосу жана мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазылганына нааразычылык билдирген.
ХАМАС да документти сындап, эл аралык күчтөргө Газадагы тапшырмалардын, анын ичинде куралсыздандыруу милдетинин жүктөлүшү алардын нейтралдуулугун жокко чыгарып, конфликтке айлана турганын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















