super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Англия качкындар боюнча жаңы реформасын жарыялады

 

Улуу Британия өкмөтү качкын макамын алууну кыйындаткан жаңы реформалар пакетин жарыялады. Премьер-министр Кир Стармер документте дүйнөдөгү жаңжалдар жана күчөп жаткан миграция агымы өлкөнүн башпаанек системине басым көрсөтүп жатканын белгиледи.

Маалым болгондой, жаңы реформа качкын макамын убактылуу кылып, даттануу жол-жобосун кыскартат жана кайтып келүүдөн баш тарткан өлкөлөргө виза бербөө тартибин киргизет. Башпаанек сураган үй-бүлөлөргө ыктыярдуу кайтууга каржылык колдоо берилет, баш тарткандар мажбурлап кайтарылат. Качкындар ар 30 ай сайын кайра каралат жана туруктуу жашоо укугу 20 жылдан кийин берилет.

Ички иштер министри Шабана Махмуд парламентте азыркы башпаанек системи "көзөмөлдөн чыгып, адилетсиз" болуп калганын айтты. Акыркы төрт жылда 400 миңден ашык адам башпаанек сураган, алардын көпчүлүгү социалдык жардамга муктаж бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: