Кытайлык 15 жаштагы спортчу өзгөчө трюктары менен рекорд жаратты (видео)
Кытайлык 15 жаштагы спортчу скейтборд тебүүдө өзгөчө трюктарды жасап Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Гиннестин рекорддор китебинин басма сөз кызматы 15 жаштагы мектеп окуучусу Чжоу Цзэяндын жетишкендигин социалдык тармактардагы баракчасына бөлүшкөн. Жаш спортчу буга чейин эч ким жасап көрө элек ыкманы жасаган. Анда ал үстү-үстүнө тизилген скейтбордго өзүндөгү скейтборд менен ийгиликтүү чыгып, бир нече метрге чейин тээп барган.
"Чжоу буга чейин эле скейтборд боюнча көптөгөн мелдештерге катышкан. Ал чеберчилигин өркүндөтүүгө бел байлап, жаңы өзгөчөлүктөрдүн үстүндө машыккан. Тынымсыздыктын жана машыгуунун аркасында ал бул рекордго жетишти",- деп жазган Гиннесстин рекорддор китебинин басма сөз кызматы.
Кытайлык 15 жаштагы спортчу озгөчө трюктары менен рекорд жаратты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















