Бишкек - Нарын - Торугарт жолуна "Жашыл мурастын" алкагында миң көчөт отургузулду
Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы айланма жолдун жээгине 1000 даана көчөт отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара президент Садыр Жапаров демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулулган.
"Жашыл мурас" улуттук программасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистемди түзүүгө багытталган. Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле министрлик аталган иш-чара жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистемди коргоого салым кошо турганын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















