ЖКККББнын борбордук аппаратына кышкы кийимге өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү (фото)
ЖКККББнын борбордук аппаратына кышкы кийимге өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине “Ички иштер органдарынын өздүк курамын кышкы кийим кийүүгө өткөрүү жөнүндө” буйругу жеткирилип, өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү.
Анда башкармалык башчысы Азенбек Козукеев өздүк курамдын сырткы келбетин, форма кийүү эрежелеринин сакталышын, кесиптик даярдыгын жана күжүрмөн моралдык-психикалык абалын текшерди.
Ошондой эле өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго ИИМдин талаптарына ылайык төмөнкү тапшырмалар берилди:
- тартип жана мыйзамдуулукту биринчи орунда сактоо;
- кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болуу;
- кызматынан кыянаттык менен пайдаланбоо жана туура эмес көрүнүштөргө жол бербөө;
- кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүү;
- тажрыйбасы мол кызматкерлерди насаатчы катары дайындоо;
- жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















