super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бангладеште өлүм жазасы өкүм кылынган мурдагы өкмөт башчы Шейх Хасина тууралуу эмнелер белгилүү?

 

Бангладештеги сот өлкөнүн мурдагы премьер-министри Шейх Хасинаны 2024-жылы нааразычылык акцияларын басуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү деп эсептеп, ага өлүм жазасын өкүм кылды. Мурдагы өкмөт башчы бир жыл мурун Индияга качып кеткен.

78 жаштагы Хасина менен бирге анын өкмөтүнүн дагы эки кызматкери, тагыраагы, мурдагы ички иштер министри Асадузаман Хан Камал жана мурдагы полиция башчысы Чаудхури Абдулла аль-Мамун да күнөөлүү деп табылды.

2024-жылдын июль айында Бангладеште массалык нааразычылык акциялары башталып, кыска убакыттын ичинде күч түзүмдөрү менен кандуу кагылышууларга айланып, жүздөгөн адамдар, анын ичинде балдар каза болушкан.

Нааразычылык акцияларын катаал түрдө басуу боюнча тартылган видеолор социалдык тармактарда кеңири тарап, өлкө калкынын нааразычылыгын күчөткөн.

Бангладештеги демонстрацияларды студенттер уюштурган. Алар 1971-жылы Пакистандан көз карандысыздык үчүн согушкан ардагерлердин туугандары үчүн мамлекеттик сектордогу жумуш орундарынын үчтөн бир бөлүгү брондолгон системди өзгөртүүнү талап кылышкан.

Шейх Хасинанын өкмөтү 2018-жылы бул квоталарды жокко чыгарган, бирок 2024-жылдын июн айында төмөнкү инстанциядагы сот аларды кайра жанданткан. Студенттер учурдагы тартипти дискриминация деп аташып, жумушка кабыл алуу ар бир талапкердин жөндөмдүүлүгүнө жараша жүргүзүлүшүн талап кылышкан.

Полиция менен кагылышуудан кийин Бангладештин бийлиги өлкө боюнча жогорку кооптуу абал режимин киргизген. Практика жүзүндө дээрлик бардык жерде интернет өчүрүлүп, айрым райондордо телефон байланыштары иштебей калган. Борбор шаарда коменданттык саат жарыяланган. Бийлик нааразычылык көрсөткөндөрдү BTV мамлекеттик телеканалынын имаратына өрт койгон деп айыптаган. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ жана резина ок колдонгон.

Бир нече күндөн кийин Бангладештин Жогорку соту мамлекеттик сектордогу жумуш орундарындагы көпчүлүк квоталарды жокко чыгарып, ардагерлерге болгону 5 пайыз жумуш орундарын калтырган жана мамлекеттик сектордогу жумуш орундарынын 93 пайызын жарандардын кесиптик жөндөмдүүлүгүнө жараша бекиткен.

Бирок өкмөт соттун чечимине дароо жооп берген эмес жана студенттик уюмдардын өкүлдөрү нааразычылыктар уланарын билдиришкен.

2024-жылдын август башында Шейх Хасина кызматтан кетип, коңшу Индияга качып кеткен. Көп өтпөй демонстранттар анын расмий резиденциясына басып киришкен.

Бул окуядан кийин Бангладеште убактылуу өкмөт түзүлгөн, ага 85 жаштагы "Нобель" тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус башчылык кылган.

Юнус жаңы шайлоолорду 2026-жылдын февраль айында өткөрүүнү убада кылган.

Соттун өкүмү чыккандан көп өтпөй Хасина билдирүү таратып, сотту мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, бул сот өлкөнү башкарууга демократиялык мандаты жок өкмөт тарабынан түзүлгөн.

"Мен мени айыптаган адамдар менен чынчыл жол менен далилдерди карап чыгып, баалай ала турган чыныгы сотто кездешүүдөн коркпойм",- деди мурдагы өкмөт башчы.

Ал өзүнүн ишин Гаагадагы Эл аралык кылмыштар сотунда карап көрүүнү сунуштаганын эске салды.

Шейх Хасина Вазед 1947-жылдын 28-сентябрында Чыгыш Бенгалиядагы Тонгипара айылында төрөлгөн. Анын атасы Шейх Мужибур Рахман, Чыгыш Пакистандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн "Элдик лига" партиясын жетектеп, Бангладештин биринчи президенти болгон.

Шейх Хасина 1973-жылы Дакка университетин аяктаган жана атасынын партиясынын жаштар канатын жетектеген. 1975-жылдын август айында ал күйөөсү жана сиңдиси менен Германияда жүргөн учурда, өлкөдө аскердик төңкөрүш болуп, атасы жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү өлтүрүлгөн. Атасынын ордуна президент болгон Зиаур Рахман "Элдик лига" партиясын таратып, партия мүчөлөрү репрессияга кабылган. Шейх Хасина болсо, алты жыл Индияда жашап, саясий башпаанек алган.

1981-жылдын май айында Бангладешке кайтып келгенден кийин, ал "Элдик лиганы" кайра жандандырып, анын төрайымы болгон. Партия 1982-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Хусейн Мухаммад Эршаддын бийлигине каршы массалык акцияларды уюштурган. Шейх Хасина бир нече жолу кармалып, камакка алынган. 1986–1987-жылдары ал парламенттеги оппозициянын лидери болуп, 1990-жылы Эршаддын бийлигин кулатууга алып келген көтөрүлүштүн башчыларынын бири болгон.

1996-жылы "Элдик лига" шайлоодо жеңишке жеткенден кийин, Шейх Хасина өкмөттү жетектей баштаган. Анын өкмөтүнүн негизги жетишкендиктеринин бири 1996-жылдын аягында Индия менен Ганг дарыясын бөлүшүү боюнча 30 жылдык келишимге кол коюу болгон.

2007-жылы Шейх Хасина коррупция жана пара талап кылуу айыптары боюнча соттолуп, бир жылга жакын абакта отурган. Андан кийин ден соолугуна байланыштуу бошотулуп, дарылануу үчүн АКШга кеткен.

Ал 2008-жылдын аягында, парламенттик шайлоого жакын Бангладешке кайтып келген. Шайлоонун жыйынтыгында "Элдик лига" жеңишке жетип, 2009-жылдын январында Шейх Хасина кайрадан премьер-министр болуп дайындалган. Ал 2014, 2018 жана 2024-жылдагы шайлоолордо да кызматын сактап калган. Натыйжада Шейх Хасина Бангладеш тарыхында эң узак убакыт премьер-министр болуп иштеген лидерге айланган.

2009-2023-жылдар аралыгында, Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Бангладештин Ички дүң продукциясы төрт эсе өсүп, 2010-жылдагы 31,5 пайыз болгон кедейчилик деңгээли 2022-жылы 18,7 пайызга азайган. Шейх Хасина өкмөтүнүн маанилүү демилгелеринин бири - 2041-жылга чейин өлкөнүн санариптик трансформациясын камсыздоочу "Акылдуу Бангладеш" программасы.

Оппозиция Шейх Хасинага авторитардык башкаруу стили үчүн сын айтып, анын өкмөтүн адам укуктарын бузган деп айыптаган. Премьер-министрлик кызматында Шейх Хасина болжол менен 20 жолу кол салууга дуушар болгон.

2024-жылдын июль айында Бангладеште мамлекеттик кызматтарга квота системасына каршы студенттердин нааразылыгы чыккан. Буга 32 миллиондон ашык жаштардын жумушсуз жана кесиптик билимсиздиги себеп болгон. Жаштар жумуш боюнча квоталар туура эмес бөлүштүрүлүп жатканын айтышып, нааразычылыкка чыгышкан. Бул окуядан улам өлкөдө интернет жана телеканалдар өчүрүлүп, Даккага аскерлер киргизилген. Agence France-Presse полиция жана медиктердин маалыматына таянып, нааразылыктарда 300 адам каза болгонун билдирген. Ал эми India Today телеканалы жабыркагандардын саны 1 миңден 1,4 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин жазган. Ал эми айрым басылмалар Хасинанын өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн демонстрациялар жана аларды басууга аракет кылган учурда Бангладеште 1500дөн ашык адам каза болуп, 25 миңден ашык киши жаракат алганын маалымдашкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: