super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ош милициясынын 10 айда аткарылган иштери кеңешмеде талкууланды

 
Бүгүн, 18-ноябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында ушул жылы 10 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов төрагалык кылып, кызмат жана бөлүмдүн башчылары чакырылды. Ал эми райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери онлайн форматта катышты.
Күн тартибине 5 маселе каралып, жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер талкууланды. Кызмат өтөөдө кемчиликтерге жол берген айрым кызматкерлерге тартиптик жаза берилди.
Кеңешменин жүрүшүндө башкармалыктын башчысы сунуш-пикирлерди эске алып, кызмат, бөлүм жана РИИБ башчыларына белгиленген кемчиликтерди тез арада жоюп, кызматтык милдетти аткарууда натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн бир катар багыттуу тапшырмаларды койду.
Анын ичинде 30-ноябрда өткөрүлүүсү белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата коопсуздук чараларын күчөтүү, криминогендик абалга талдоо жүргүзүп, тийиштүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте зарыл болгон аракеттерди көрүү, санариптештирүү жана укук бузуулардын алдын алуу багытында иш-аракеттерди жандандыруу багыттарын баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: