Жолдо бара жаткан 81 жаштагы карыяга кол салган шектүү кармалды (видео)
Бишкек шаарында 81 жаштагы карыяны тоноп, бутун сындырган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милиция бөлүмүнө 17-ноябрда А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Москва көчөсүндө бара жаткан 81 жаштагы жездесине белгисиз жаран кол салып, колдонгон таягын жана баштыгын алып качып кеткен.
Дарыгерлер жабырлануучунун оң жак сан сөөгү сынганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Ж.А. кармалган.
"Кармалган учурда шектүү мас абалында болгон жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан учтуу буюм табылды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирди милиция.
Жолдо бара жаткан 81 жаштагы карыяга кол салган шектүү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















