"Бекерчилерге көңүл бурбайлы". Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, ар кандай сөз айткандарга теңелбей мамлекет үчүн иштөө керектигин билдирди.Орунбеков анда мамлекеттин көбөйүп жаткан бюджетин кармоо үчүн ар бир мамлекеттик кызматкер так иштеши керектигин белгилеген.
"Сиздер жакшы билесиздер, кайсы бир мезгилдерде айда-жылда бир имарат курулуп, анын ачылышы чоң майрамга айланчу эмес беле? Азыр андай жаңы бүткөн имараттардын ачылышын кылып жетишпей, бир күндө жүздөгөн ишканаларды, социалдык объекттерди ачып жатабыз. Бюджетибиз 2020-жылы 247,7 миллиард сом эле, бул жылы триллиондон ашабыз. Мындай темпти кармап, андан ары улантыш үчүн ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, тоскоолдуктарга алаксыбашы керек.
Кээ бир мекен көзүнөн учкан бекерчи былжырбайлардын айткандарына теригип, аларга жооп бергенди токтоткула! Бул бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү. Алардын айтканын талдап, мурда кылган жана кылбаган иштерин эстеп, убактыңарды коротпой, мамлекет тарабынан алдыңарга коюлган тапшырмалар менен алектенгиле",- деген ал.
Ошондой эле ал андай сын айткандарга убакыт коротуунун ордуна иш менен далилдөө керектигин кошумчалаган.
"Андай келжиреген бекерчилерге көңүл буруп, жооп берген үчүн жетекчибизден дагы тил уктук. Андайларга корогон кайран сөз жана бекерге корогон убакыт экенин түшүнөлү дагы, мындан ары көңүл бурбайлы",- деп жазды Орунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















