Оштогу Уркуя Салиева мектеби 57 жылдан кийин жаңыланууда
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылындагы Уркуя Салиева атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.Маалымдалгандай, мектеп 1968-жылы курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык ондоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Былтыр 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда имарат толук жаңыланууда. Иштин жүрүшүндө имараттын ичи жана сырты жаңыланып жасалып, жарыктандыруу, жылытуу системдери алмаштырылат.
Долбоор боюнча мектеп 524 орунга ылайыкталган, оңдоо иштери бүтсө 1000ге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
Оштогу Уркуя Салиева мектеби 57 жылдан кийин жаңыланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















