Бишкекте жайга чейин ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкек шаарында 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманке азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу жана калктын социалдык аярлуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ишке ашырылууда.
Иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта жана Исхак Раззаков, Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкандар жана өндүрүүчүлөр чакырылат. Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
• Продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
• Баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;
• Министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.
Кошумча маалымат жана суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылсаңыз болот: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00
0

Супер-Инфо
super.kg видео















