super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө узундугу 17 метрлик көпүрө пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Шүкүров жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 17 метр, туурасы 9 метр. Объектте курулуш иштеринин толук комплекси аткарылып, узундугу 14 метр болгон устундар орнотулуп, эки катмар асфальт төшөлгөн. Көпүрөнүн жүрүү бөлүгү эки тилкелүү, туурасы 10 метрди түзөт. Эки тарабына тең жөө кишилер үчүн туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар жасалган.

"Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жакынкы үйлөрдүн тургундары жана башка коноктор катышты. Курулуш иштери ушул жылдын июль айында башталган",- деп билдирди мэрия.

Бишкек мэри учурда Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө жасалып жатканын, жакынкы күндөрү пайдаланууга бериле турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: