super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузган 3 талапкер айыпка жыгылды

 

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган үч талапкерге 7 500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нуркан Койчуманова (№12 шайлоо округу), Жумабек Салымбеков (№24 шайлоо округу) жана Казыбек Эргешовго (№24 шайлоо округу) Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренеси менен административдик айып пул салынган.

Нуркан Койчуманованын Facebook баракчасына жарыяланган материалдарында үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталса, Жумабек Салымбековдун үгүт баннери спорткомплексте илинип турганы такталган.
Ал эми Казыбек Эргешодун үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар БШКга Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн. Анда талапкердин ишенимдүү адамы Whatsapp тайпасында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратып жаткандыгы аныкталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: