Шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузду деген негизде 2 талапкерге айып пул салынды
Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган 2 талапкер, Темирлан Айтиев (№ 20 округ) менен Илимбек Кубанычбековго (№7 шайлоо округу) 7 500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга Айтиевдин үгүт баннери Бишкек шаарындагы үйлөрдүн короолорундагы дарактарга илингени себеп болсо, Кубанычбековдун үгүт баннери тиешелүү келишим түзүлбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына илингени негиз болгон.
БШК аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренесинде каралган административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасы колдонулганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















