Транспорт министрлиги акыркы жылдары алган техникаларынын жалпы санын маалымдады
2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынды. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-2023-жылдар аралыгында жалпысынан 297 даана техника алынды.
"2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө. Жыйынтыгында, 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















