Бишкектеги мектептерде "Э-Күндөлүк" электрондук журналынын иштеши текшерилди
Кечээ, 18-ноябрда агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы №70 жана №24 мектептерге барып, "Э-Күндөлүк" электрондук күндөлүгүнүн иштешине арналган көчмө кеңешмелерди өткөрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, жыйындын максаты - системдин ишин ыкчам изилдеп, мугалимдерден түздөн-түз пикир алуу болду.
Кеңешменин жүрүшүндө Лира Самыкбаева мугалимдер менен системди колдонууда туш болуп жаткан кыйынчылыктарды талкуулады. Орун басар бардык сунуш-пикирлерди угуп, алар электрондук порталды андан ары иштеп чыгууда эске алынарын баса белгиледи.
Мугалимдер жана мектеп администрациясы электрондук күндөлүктү жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын айтышты. Алардын катарында класс жетекчилерге бардык предметтер боюнча катышуу журналына кеңейтилген мүмкүнчүлүк берүү, даяр календарлык-тематикалык пландан темаларды тандап киргизүү, сабактын темаларын бир жумага алдын ала толтуруу жана башка сунуштар болду.
Лира Самыкбаеванын айтымында, өткөн жумада "Э-Күндөлүк" системинин жаңы серверге өтүү процессине байланыштуу айрым үзгүлтүктөр байкалган. Бүгүнкү күндө бул процесс толук аяктап, электрондук күндөлүк кадимки тартипте иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















