Белгилүү рэпер Bakr Орусияга кире албай калганын билдирди
Белгилүү рэпер Bakr концерттик туру өтө турган Орусияга кире албай калганын социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында, 17-ноябрда саат 07:45те командасы менен Москвадагы Шереметьево аэропортуна учуп барганда, паспорттук көзөмөлдөн анын командасы толугу менен өткөн, бирок өзү белгисиз себептерден улам кармалган.
Bakr’ды документтерин алып коюп, түшүндүрмө бербей үч саатка жакын күттүрүшкөн. Андан кийин ага Орусияга кирүүгө тыюу салынганы айтылган. Себеби түшүндүрүлгөн эмес. Рэперди күтүү бөлмөсүнө жайгаштырышып, ал ошол жерде саат 10:00дөн 21:00гө чейин өткөргөн. Бул убакыт аралыгында ал Бишкекке кайтуучу билет сатып алган.
Бишкекке келген соң ага "кирүүгө уруксат жок" деген негиз менен расмий баш тартуу кагазы берилген. Bakr азыр юристтер менен кеңешип, мындан аркы мыйзамдык аракеттерди даярдап жатканын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















