Улуттук тарых музейинин директору ICOM Dubai-2025 конференциясына катышты (фото)
Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова 2025-жылдын 11–17-ноябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн ICOM Dubai-2025 дүйнөдөгү эң ири музейдик жыйынга катышып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
ICOM Dubai-2025 конференциясы 130дан ашык өлкөнүн музей адистерин бириктирип, 400дөн ашуун докладчы, 100+ панелдик талкуу, 10дон көп пленардык сессия жана музейдик инновациялар боюнча ири көргөзмөнү камтыды.
Негизги талкууланган темалар:
• демографиялык жана социалдык өзгөрүүлөр
• жасалма интеллект жана санарип технологиялар
• маданий мурасты коргоо
• инклюзивдүү музей чөйрөсү
• музей дипломатиясы
• музейлердин коомдук өнүгүүгө тийгизген таасири
Жылдыз Бакашова "Жасалма интеллект жана музейлер" сессиясында сөз сүйлөп, жасалма интеллекттин музей ишиндеги ролу, санарип архивдерди сактоо жана виртуалдык экспозициялардын келечеги тууралуу өз пикирин билдирди. "Музейлер кайсы тарыхты айтып жатат?" талкуусунда музейлерде коомдук үн, тарыхый өкүлчүлүк жана маданий көп түрдүүлүктүн мааниси көтөрүлдү.
Мындан тышкары, Улуттук тарых музейинин директору ONE Dubai телеканалына маек берип, төмөнкү темаларга токтолду:
• Кыргызстандын маданий мурасынын дүйнөлүк мааниси
• музей тармагындагы реформалар
• Музейде Инклюзия борборун ачуу демилгеси
• музей фонддорун толук санариптештирүү программасы
• Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына даярдык
Форумдун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова ИКОМдун президенти Эмма Нарди айым жана ИКОМдун вице-президенти, ИКОМ ОАЭ төрагасы Насир Аль Дармаки мырза менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, инновациялык жана инклюзивдүү музей долбоорлорун биргеликте ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейи көп жылдан бери ИКОМ жыйындарына катыша алган эмес. 2025-жылы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен музей дүйнөлүк деңгээлдеги бул ири форумга биринчи жолу расмий катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-11-20
13:32
2025-11-17
10:50
2025-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















