super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шон Пенн бир долларга Украинадагы согуш жөнүндө тасмага тартылды

 

Америкалык актёр жана режиссёр Шон Пенн Украинанын "Жаныбарлардын көзү менен согуш" аттуу тасмага тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тасмада актёр негизги ролду аткарган. Анда уй, мышык, коён жана башка жаныбарлар фронтко жакын аймактардагы окуяларды баяндап беришет. Пендин гонорары бир долларды түзгөн.

2023-жылы Пенн өзүнүн "Оскар" сыйлыгын Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн ок-дарыларга эритип бергиси келгенин айткан.

"Мен сыйлыкты Украинага берем. Аны орус аскерлерине каршы колдонулуучу окторго эритсе болот",- деген болчу 63 жаштагы актёр.

Эске салсак, буга чейин Пенн Киевге барып, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан. Актёр президентке өзүнүн "Оскар" статуэткасын тапшырган. Өз кезегинде президент ага "III даражадагы Ардак белгиси" орденин ыйгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: