Financial Times АКШнын Украинадагы тынчтык планына байланыштуу жаңы маалыматтарды жарыялады
АКШ Украинадагы кырдаалга байланыштуу сунуштаган жаңы тынчтык планында Украинада орус тилине расмий макам берүү жана чет элдик аскерлерди жайгаштырууга тыюу салуу сыяктуу пункттар бар. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, мурда айтылган Донбасстын калган бөлүгүн берүү жана украин армиясын эки эсеге кыскартуудан тышкары, "Уиткофф планында" Украинада орус тилине расмий макам берүү, Москва патриархатка таандык православ чиркөөсүн таануу, АКШнын аскердик жардамынын кыскартылышы жана чет элдик аскерлерди жайгаштырууга тыюу салуу сыяктуу пункттар бар.
Айрым "жаңы тынчтык планы" Орусиянын талаптарына окшош экенин айтышууда. Киевдеги айрым аткаминерлер да ушундай баа беришкен.
Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча, план менен тааныш киевдик расмий өкүлдөр документтин мазмуну Москванын талаптарына көп жагынан туура келерин, ошондуктан азыркы абалында Украина үчүн кабыл алынгыс экенин белгилешкен.
"Алардын бири эгер Киев бул планды кабыл алса, анда бул Украинанын суверенитетинен баш тартууга барабар болот деп айтты. Ал Орусия ушундай жол менен Трамптын администрациясын пайдаланууга аракет кылып жатат, анткени АКШ администрациясына кандайдыр бир прогрессти көрсөтүү абдан маанилүү",- деп жазат басылма.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















