Эки мүнөттүк "Baby Shark" ыры кантип эң популярдуу видеого айланды?
16 миллиарддан ашуун көрүүлөрдү чогулткан "Baby Shark" видеоролиги дүйнөлүк феномен гана болбостон, YouTube тиркемесиндеги эң популярдуу видеого айланды.
Ал дүйнөнүн булуң-бурчундагы балдарды өзүнө тартып, анын жаратуучусу Pinkfong компаниясын жүз миллиондогон долларлык медиабизнеске айлантууга негиз түздү.

"Биз бул ыр башка контенттерибиздин арасынан өзгөчөлөнөт деп күткөн деле эмеспиз",- деп билдирген Pinkfong компаниясынын башкы директору Ким Мин Сок BBC'ге берген маегинде.
18-ноябрда Pinkfong компаниясынын акциялары 9 пайыздан ашык өсүп, анын наркы 400 миллион доллардан жогорулады.
Pinkfong компаниясы 2010-жылы SmartStudy деген ат менен негизделип, 12 жашка чейинки балдар үчүн санарип контенттерди түзүү менен алектене баштаган.

Башында компанияда болгону үч гана кызматкер болгон. Pinkfong бир нече олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, бир учурда эң кичинекей курактагы балдар үчүн контентке көңүл бурууну чечкен.

"Baby Shark" ыры 1970-жылдары АКШда пайда болуп, ошол жылдары балдар лагеринде популярдуу болгон.
Ал эми Pinkfong компаниясы аталган ырды кайрадан жандантып, ал популярдуулукка ээ боло баштаганда, америкалык композитордун чыгармасын плагиат жасады деп айыпталган.
Бирок Түштүк Кореянын Жогорку соту доону канааттандырбай, компаниянын версиясы коомдук мүлккө кирген элдик мелодияга негизделгенин айткан.

Бул видео YouTube тиркемесинде рекорддук 16 миллиард көрүү топтоп, Billboard Top 40 тизмесине кирди. Эки мүнөттүк "Baby Shark" балдар ыры акула үй-бүлөсү тууралуу, алар сууга түшүп аңчылыкка чыгышат.
Ырдын биринчи заманбап версиясы 2007-жылы YouTube каналында alemuel колдонуучу тарабынан жарыяланган. Ал Kleiner Hai деген ат менен видео чыгарган. Видеодо аткаруучу аталган ырды немис тилинде аткарган.

"Baby Shark" трендин биринчи аткарган К-pop топтору болгон. New York Times ырдын ийгилигин дүйнө жүзүнө белгилүү болгон кореялык ырчылар менен байланыштырган. Андан кийин "Baby Shark" америкалык шоулордо да аткарылды, Эллен Деженерес аны ирониялык мааниде кайра ырдаса, Жеймс Корден лирикалык кавер түзгөн.
Ошондой эле аталган ыр 2020-жылы Ливанда массалык нааразычылык учурунда да популярдуулукка жеткен. Демонстранттар тобу машинанын ичинде калып кеткен бир жашар бала үчүн ырдын кайталануучу бөлүгүн аткарышкан.

Бостон шаардык балдар ооруканасынын маалыматына караганда, ырдоо балдардын психикасына жакшы таасир берет, алардын тынчтануусуна жана уктоосуна жардам берет.
"Ыр балдарды кайталануучу музыкалык ыргактар менен сөздөрдүн айкалышы жана жөнөкөй мелодиясы аркылуу тартат, жакшы маанай жаратып, балада кызыгууну пайда кылат",- деп белгилейт музыкалык терапевт Брайан Жантц.
Белгилей кетсек, кореялык билим берүү платформасында 4000ден ашуун ыр, видео, оюн жана колдонмо бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















