Трамп Эпштейнге байланыштуу файлдарды жарыялоого уруксат берген мыйзамга кол койду
АКШнын президенти Дональд Трамп министрликке Жеффри Эпштейнге байланыштуу федералдык иликтөө материалдарын 30 күндүн ичинде коомчулукка жарыялоону милдеттендирген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, документтердин ачыкка чыгышы Эпштейндин бир катар белгилүү саясатчылар жана ишкерлер менен болгон байланышын ачыкка чыгарууга жардам берет. Ал белгилеген фигуралардын арасында мурдагы АКШ президенти Билл Клинтон, мурдагы каржы министри Ларри Саммерс, LinkedIn компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Рид Хоффман, ошондой эле Палатанын Демократиялык азчылык лидери Хаким Жеффрис бар.
"Эпштейн файлдарын ачыкка чыгаруу жөнүндө акт" аталышындагы мыйзам долбоору июль айында республикачыл Томас Мэсси жана демократ Ро Ханна тарабынан даярдалган.
18-ноябрда АКШ Палатасы добуш берүүдө көпчүлүк менен мыйзам долбоорун колдоду. "Эпштейн материалдарын ачыкка чыгаруу жөнүндө акт" үчүн 427 конгрессмен добуш берсе, бирөөсү каршы чыкты.
Трамп белгилегендей, эгер Конгресс мыйзамды кабыл алса, анда Эпштейн ишине байланыштуу материалдар жарыяланат.
Буга чейин демократ-сенатор Крис Мерфи Трамптын Жеффри Эпштейндин кылмыштуу ишмердүүлүгүнө байланышкан файлдардын жарыяланышы мүмкүн болгонуна байланыштуу күн сайын толкунданып жатканын билдирген. Ал ошондой эле Эпштейндин материалдары президенттик тарыхтагы эң чоң жаңжал болушу мүмкүн экенин жана бул Трамптын бийликтен кетишине алып келиши ыктымал экенин айткан.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















