YouTube алты жыл мурун алып салган функциясын кайра кайтарууда
YouTube алты жыл мурун алып салган кат алмашуу функциясын кайра кайтаруу үчүн жаңы сыноо процессин баштаганын жарыялады. Компания колдонуучулардын платформада кат алмашуу тажрыйбасы эң көп талап кылынган функция экенин билдирди.
YouTube колдоо барагында жарыяланган билдирүүдө, компания функцияны азырынча "кат алмашуу" деп атабаса да, колдонуучулар өздөрүнө жаккан видеолорду бөлүшүп, ошол эле тиркеме аркылуу баарлаша алары айтылган.
Жаңы функция азырынча Ирландия жана Польшада гана жеткиликтүү. Сыноо процессинде 18 жаштан жогору колдонуучулар кат алмашууну сынап көрө алышат. YouTube пикирлерге жараша, функциянын глобалдык түрдө жеткиликтүү болобу же жокпу, кийинчерээк чечет.
YouTube жаңы функцияны көп жылдар бою колдонуучулар тарабынан эң көп талап кылынган функция экенин баса белгиледи. Кат алмашуу биринчи жолу 2017-жылы жарыяланып, 2018-жылы веб версиясына да кошулган. Бирок бир жылдан кийин компания колдонуу көрсөткүчтөрү төмөн деп ал функцияны толугу менен алып салган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















