super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Нью-Йорктун жаңы мэри Зохран Мамдани менен жолугат

 

АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун жаңы шайланган мэри Зохран Мамдани менен эртең жолугарын билдирди. Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө Мамданини "коммунист" деп атап, анын жолугушуу өтүнүчү кабыл алынганын жана маектешүү 21-ноябрда Сүйрү кабинетте болорун жазды.

Шайлоодон кийин Трамп менен Мамданинин ортосунда саясий чыңалуу жаралды. Трамп мурда Fox News телеканалына берген маегинде жаңы мэр "Вашингтондун саясатына урмат кылышы керек" деп билдирип, анын көптөгөн чечимдерин бекитүүчү тарап өзү экенин эскерткен. Ал алдын ала жыйынтыктар жарыяланганда шайлоону "алдама" деп атаган жана демократтарды "коммунист талапкерди" тандады деп сынга алган.

34 жаштагы Зохран Мамдани Нью-Йорктун эң жаш жана алгачкы мусулман мэри болду. 4-ноябрдагы шайлоодо 2 миллиондон ашык адам добуш берип, бул 1969-жылдан берки шайлоого эң жогорку көрсөткүчтө катышуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: