super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президентин кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канданы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы сөзүнүн башында Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы көп жылдык кызматташтыкты, ошондой эле экономиканын негизги секторлорунда маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө сакталып турган оң динамика тууралуу айтып, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Бул контекстте президент өлкөгө "региондук хаб" макамын алууга мүмкүндүк берүүчү транспорт жаатындагы долбоорлорго көңүл бурду. Ал ошондой эле энергетика жана агрардык секторлорду кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Өз кезегинде Масато Канда Азия өнүктүрүү банкы жашыл энергетика, айыл чарба, туризм жана транспорттук инфраструктура тармактарындагы долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда ошондой эле бул долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана Кыргызстан менен жемиштүү кызматташуу өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: