Ошто бир катар көчөлөр дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте дизайн-коддун талаптарына ылайык көчөлөрдү иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, дизайн-код Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Шакиров, Исанов, Курманжан датка жана Масалиев көчөлөрүндө иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Аталган көчөлөрдөгү коомдук имарат, мекеме жана соода жайларынын аталыштары алынууда. Натыйжада дизайн-коддун талаптарына ылайык, көрнөк-жарнак такталары бирдиктүү үлгүдө орнотулат.
Белгилей кетсек, дизайн-код - бул аймактын архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















