Өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, ири суммада акчага алдап кеткендер кармалышты
Өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, ири суммада акча каражатын алдап алууга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМге Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар 5 миллион 500 миң сомун алдап алып кеткенин билдирген.
Текшерүү учурунда белгисиз адамдар арыз ээсине телефон чалып, өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, андан соң "мэриянын кызматкери" делген адам менен байланышууну сунушташкан.
"Кийинчерээк, кайрадан телефон чалып, шектүүлөр өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, жаранды адаштырып, анын банктык эсебинде турган акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен. Каражаттардын сакталышын камсыздоо зарылдыгын айтып, алар арыз ээсин көрсөтүлгөн сумманы "коопсуз эсепке" деп аталган эсепке которууга көндүрүшкөн, андан кийин байланышты токтотушкан",- деп билдирди ИИМ.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан 2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.И. жана А.Н. аттуу жарандар кармалышты.
Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















