ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу жеке үйлөргө зыян келтирип, газ түтүгү бузулду
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Коёнкөзов көчөсүнүн тургундары SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына өз көйгөйлөрү менен кайрылышты. Алардын айтымында, жеке менчик үйлөрдүн ортосуна 10 кабаттуу үйдүн курулушу башталган. Алар пайдубалын казып, атайын техникаларды иштеткен сайын жеке үйлөрдүн дубалдары урап, короолору бузулууда. Ошондой эле учурда курулуш газ түтүгүнө зыян келтирип, жашоочулар көгүлтүр отунсуз отурушканын билдиришти.
"Коёнкөзов көчөсү, 130-үй. Короону тоскон дарбаза кулап түштү. Магистралдык газ түтүгү экиге бөлүнүп калды. Турак үйлөрдүн дубалы, короонун дубалдары урап жатат. Бул жерге "АРЗ девелопмент" мекемеси 1 подъезддүү 10 кабат үй куруу үчүн котлован казып баштаган. Турак үйлөрдүн арасына, тар аймакка 10 кабаттуу үйдү кантип салат? Котлован казылып, жанындагы турак үйлөрдүн короосунун дубалы кулап, жүк ташуучу унаалар ары-бери өткөндө үйдүн ичи титирейт. Көңүл бурган тарап болобу?",- деп билдиришти аталган көчөнүн жашоочулары.
Тургундар курулуштун мыйзамдуу жагын карап берүүнү суранышып, алардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын кошумчалашты.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу жеке үйлөргө зыян келтирип, газ түтүгү бузулганын тургундар айтышууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео















