super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте WhatsApp аркылуу буюртма алып, интимдик кызмат көрсөткөндөр кармалышты (видео)

 

Бишкек шаарында интим кызматын көрсөткөн жашыруун топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар WhatsApp мессенжериндеги тайпалар аркылуу иш алып барышкан. Тайпага кошулуу үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлүп, жашыруундукту сактоо үчүн атайын сөздөр жана "жоголуп кетүүчү билдирүүлөр" функциясы колдонулган.

"Бишкектеги мейманканаларда 300дөн 1000 долларга чейин бааланган интимдик кызматтарды көрсөтүшкөн. Буюртма түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алган соң көрсөтүлгөн дарекке жеткиришкен. Тайпанын түзүүчүсү жана ээси чет өлкөдө жашаган",- деп билдирди ИИМ.

Милициянын ыкчам иш-аракетинин негизинде аталган топко кызмат көрсөткөн 2003-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган К.Н., 1997-жылы туулган И.К., жана 2001-жылы туулган Ш.С. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Ал эми Ш.С. аттуу жарандын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык айып салынып, анын үй-бүлөлүк жагдайлары эске алынып, сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.






Бишкекте WhatsApp группалары аркылуу заказ алып, интимдик кызмат көрсөткөндөр кармалды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: