Мээрим Жуманазарова VI Ислам тилектештиги оюндарынын финалына чыкты
Мээрим Жуманазарова Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарынын финалына чыкты.
Ал 68 килограмм салмактык категорияда күрөшүп жатат жана мелдешти түз эле чейрек финалдан баштаган.
Кыргызстандык балбан Бангладеш спортчусу Халима Актерду, андан соң Азербайжандын балбан кызы Нигар Мирзазаданы ири эсепте утту.
Муну менен Жуманазарова финалга чыгып, анда өзбекстандык Светлана Окназарова менен казакстандык Ирина Казюлина ортосундагы жарым финалдын жеңүүчүсү менен беттешет.
Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















