Араван районунда апта сайын айыл чарба жарманкеси өткөрүлө баштады
Араван районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгы айыл өкмөттөрү менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана дыйкан-фермерлер өндүргөн сапаттуу айыл чарба продукцияларын элге түздөн-түз жана арзан баада сатуу максатында атайын иш-чараны колго алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 2025-жыл бою ар жума сайын, бейшемби күндөрү "Ак-Була" базарында атайын даярдалган жайда айыл чарба жарманкеси өткөрүлүп турат. Жарманке дыйкан-фермерлерге өз продукцияларын ортомчуларсыз сатуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү тургундарды жаңы, экологиялык таза жана сапаттуу азыктар менен камсыз кылууга багытталган.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы бардык фермерлерди жана райондун тургундарын жума сайын өтө турган жарманкеге активдүү катышууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















