Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди
Бүгүн, 20-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров физикалык алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук стейблкоин USDKG - санариптик токендин алгачкы эмиссиясын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага финансы министри Алмаз Бакетаев жана "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" ААК башкармалыгынын төрагасы Бийболот Мамытов катышты.
Аземдин жүрүшүндө катышуучулар "Эмиссияны ишке киргизүү" баскычын басып, Tron түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токенинин чыгарылышын жана жүгүртүүгө берилгенин расмий түрдө жарыялашты. Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, физикалык алтын менен толук камсыздалган.
USDKG — бул Кыргызстан тарабынан толук колдоого алынган, алтын менен камсыздалган стейблкоин. Ачык, коопсуз жана туруктуу санарип валютасы катары иштелип чыккан USDKG алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологияларынын натыйжалуулугун айкалыштырат.
Бул долбоордун ишке кириши Кыргызстанга глобалдык финансы экосистеминдеги позициясын чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле ал блокчейн чечимдери аркылуу мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган борбордон ажыратылган сервистердин Web3-экосистеминин инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз түзөт.
Мындан тышкары, USDKG капиталдын агымы жана технологиялык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү менен Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.
Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү аркылуу демилге каржылык инновацияларга болгон ишенимди бекемдейт жана санариптик инструменттер материалдык камсыздоого ээ болуп, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кыла аларын көрсөтөт.
USDKG эмиссиясын 100 пайыз мамлекеттик үлүшкө ээ болгон "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" ААКсы ишке ашырат. Бул өз кезегинде жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктү жана институционалдык туруктуулукту камсыздайт.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео