"Жакпаса кайра жасап берем". Түлеев ЦУМдун жанындагы курулушка айтылган сындарга жооп берди
Бишкек шаарындагы Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан "Old Bishkek" комплексинин айланасында ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Буга чейин социалдык тармактарда жолдун тарып калганы да айтылган. Аталган долбоордун жетекчиси Нариман Түлеев айтылган сындарга "Кабар" маалымат агентигине маек берип жатып жооп берди.
Анын айтымында, долбоор бир-эки айдын ичинде бүтөт.
"Мен биринчи бүтөйүн, эгерде Түлеев жаман жасап коюптур десеңер, кайра жасап берем. Бул жердеги 350-400 метрдей жерди көрктөндүрүү үчүн көп нерсе алып келдим. Бул аймакты силерге Кыргызстандын Монте-Карлосу кылып берейин. Астын өзүнчө эле шаар кылдык.
Мен дүйнөнүн баарын көрүп келдим, ошол тажрыйбамды колдонуп жасап жатап. Бир-эки ай чыдап койгула", - деген ал.
Түлеев ЦУМдун жанындагы курулушка айтылган сындарга жооп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















